09:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орусия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдо квотаны көбөйтүшү мүмкүн

Орусия кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдо квотаны көбөйтүшү мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой билдирди.

Ал 2020-жылды Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылы болот деди. Анын алкагында бир катар маданий, илимий жана экономикалык иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Учурда тараптар программаны макулдашууда.

«Кыргызстанда эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлорунун форуму ийгиликтүү өттү. Бул линия өнүгөт деген ойдомун. Менин көз карашымда Орусияда окуп жаткан кыргызстандык студенттердин саны квота боюнча аз. Кайчылаш жылы квотанын көбөйүшү үчүн жаңы стимул болушу керек. Анын үстүнө Орусиядан барып билим алууга кыргызстандыктардын кызыгуусу күч», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума