Бир жума аралыгында 1 миң 200 Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
21-октябрдан 28-октябрга чейин аталган башкармалык «Тонировка» рейдин жүргүзгөн. Анда тескөөчүлөр унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган айдоочуларды текшеришкен.
Рейддин жыйынтыгы боюнча, 1 миң 239 жол эрежелерин бузуу катталды, алардын ичинен 158и мыйзамсыз терезесин караңгылатып алган. 587 унаа айып короосуна киргизилди.