15:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек мэриясы жаңы автобус жана троллейбустарды алуунун 4 вариантын кароодо

Бишкек мэриясы жаңы автобус жана троллейбустарды алуунун 4 вариантын карап жатат. Бул тууралуу вице-мэр Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, коомдук унааларды алуу боюнча техникалык тапшырма жана техникалык-экономикалык негиздер иштелип чыгып, мэрияга жана БШКнын бюджеттик комиссиясына киргизилди.

«Биз 4 вариантты карап жатабыз. 15 жылдык лизинг, анын алгачкы 3 жылы төлөмсүз. Экинчи вариант- насыялык каражат. Маселени Еврова реконструкциялоо жана өнүгүү банкы менен иштеп жатабыз, биздин сунуш Каржы министрлигинде жатат. Мындан тышкары Орус-Кыргыз өнүгүү фонду менен иштеп жатабыз. Акыркы вариант- жергиликтүү бюджеттин каражатынан сатып алуу», — деди ал.

Вице-мэр Бишкекке жыл сайын 50-60 даана коомдук унаа керектигин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби