04:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Шайлоо, жарандык, мүлккө ээлик. Мигранттар өз өлкөсүндө кандай укуктарга ээ?

Миграция кызматынын мааалыматында, чет өлкөдө 800 миң кыргыз жараны иштеп жүрөт. Алардын албетте көпчүлүгү Россияда (640 миң). Негизи РФнын жарандыгын алгандарды да, мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдү кошкондо Россиядагы кыргыздардын саны миллиондон ашат.

Кыргызстандыктар Казакстанда (35 миң), Түркияда (30 миң), Италияда (15 миң), Кореяда (5 миң), Германия (5 миң), Бириккен Араб Эмираттарында (3 миң), Улуу Британияда (2 миң) эмгектенет. Андан сырткары, АКШ, Европа өлкөлөрү, Сауд Аравия, Катар, Бахрейн жана Африка мамлекеттеринде иштеген мекендештерибиз дагы бар.

Мигранттар өлкөгө ай сайын 200-300 миллион доллар которуп, Кыргызстандын төлөм балансын сактап, экономикалык көрсөткүчтөргө түздөн түз таасирин берип турат.

Чет жакта жүргөн жарандардын баардыгы калктын эмгекке жарамдуу жана шайлоо укугуна ээ бөлүгүн түзөрү белгилүү. Андыктан четке чыккан кыргызстандыктар өлкөнүн бир бөлүгүн түзөт.

Мына ошол чет жерде жүргөн мекендештерибиз өз өлкөсүндөгү укуктарын 24.kg агенттиги тизмектеп чыкты.

1

Өлкөдөн чыгууга укуктуу


Конституциянын 25-беренесине ылайык ар бир жаран чет өлкөгө чыгууга укуктуу.

2

Жарандык


Жарандык — бул чет өлкө иштеген мигранттардын талуу жери. Анткени, көптөр ыңгайлуулук үчүн жашаган жеринин паспортун алууга аракеттенишет. Кээ бир башка жарандуулукту алуу менен кыргыз паспортун жоготуп алам деп коркот. Бирок, андай эмес. «Жарандык жөнүндө конституциялык мыйзамдын» 4-беренесине ылайык баш өлкөнүн паспорту менен бирге кыргызстандыкын дагы сактап кала берет.

Бир гана чек арасы бир (Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан) өлкөлөрдүн паспортун алууга тыюу салынат.

Бирок, башка өлкөнүн жарандыгын алгандыгы тууралуу өкмөткө кат жолдоо керек. Болбосо, административдик жазага тартылат.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан ар бир жаран өз эрки менен президентке кайрылуу аркылуу гана баш тарта алат.

Кыргыз паспортунан бир нече учурда гана айрылып калууга болот:

— Улуттук коопсуздукка каршы иш-аракет жасоо;

— Чет өлкөдө террордук жана экстремисттик кылмыштарга катышуу;

— Кыргызстан террордук уюм деп тапкан топторго мүчө болуу;

— Чет өлкөнүн аскердик, же чалгындоо кызматына жумушка орношуу.

3

Кош жарандуулук


Кыргызстан бир да өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес.

4

Шайлоо укугу


Жашаган өлкөсүнө карабай жаран Кыргызстандагы шайлоодо добуш бере алат. Ал үчүн жашаган, иштеп жүргөн өлкөсүндө миграциялык каттоодон өтүп, дипломатиялык кызматтардагы шайлоочулардын тизмесинен аты-жөнүн ырастап, өздүгүн тактаган документ менен добуш берүүгө болот.

Бирок, чет өлкөдө мыйзамсыз жүрүп, мисалы, Россиянын Миграциялык кызматына катталбаган КР жараны шайлоого катыша албайт.

4

Шайлануу укугу


Көп жылдар бою чет өлкөдө жашаган кыргыз жаранын шайлануу укугу чектелүү. Мисалы, президентикке кеминде 15 жыл Кыргызстанда жашаган жаран гана талапкер болот алат. Жогорку Кеңештин депутаттарына мындай талап жок.

Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты башка өлкөгө туруктуу жашоого кетиши менен мандатынан арылат.

Депутаттыкка, министр жана башка жогорку кызматка иштөөнү каалаган мигранттын чет өлкөнүн жарандыгын албаганы оң. Негизи эле башка өлкөнүн жарандыгы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматка иштөөгө тыюу салынат.

5

Мүлккө ээлик кылуу


Кыргыз жарандыгын жоготкон мигрант өлкөдөн жер, же үй сатып ала албайт. Чет элдик жарандар өлкөдө жашоого уруксат жана инвестициялык визасы болгон учурда гана кыймылсыз мүлк сатып алуу укугуна ээ.

Жогорку Кеңеште учурда депутат Алманбет Шыкмаматовдун мыйзам долбоору кароодо. Ал Кыргызстандын мурдакы жарандарына жер сатып алуу укугун берүүнү сунуштайт.

«Чет өлкөдө иштеген мигранттар ал мамлекеттин жарандыгын алууга аргасыз. Бирок, алар мекенинен жер сатып ала албай калышат. Өзүнүн кыргызстандын мурдакы жараны экендигин далилдегендерге дагы жерге ээлик кылууга уруксат бериш керек», — дейт Алманбет Шыкмаматов. Бирок, жер тилкеси чектеш мамлекеттин жарандыгын алгандарга берилбейт.

6

Акысыз дарылануу жана билим алуу

Конституцияга ылайык ар бир жаран акысыз билим алууга жана дарыланууга укуктуу. Бирок, мында жашаган жеринде катталып, ал аймакка караштуу бейтапканага, же мектепке кайрылуу талап кылынат. Андыктан, мигранттар Кыргызстанда туруктуу жашоого кайткандан кийин гана бул укугун колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.

7

Пенсия жана жөлөк пул

Жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Анын талаптары өтө татаал. Ар бир үй-бүлөнүн кирешесине карата чечилет.

Ал эми пенсияны социалдык фондко акча чегерүү менен камсыздай аласыз. Кыргызстан Түркия менен мигранттардын пенсиясын которуу боюнча келишим түзгөн. Бул өлкөдөгү мигранттар кийин Кыргызстандан пенсияга чыга алышат. Россия дагы ЕАЭБке кирген мамлекеттердин мигранттарына пенсиясын төлөп бермекчи.

Эң көп окулган жаңылыктар