08:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Арстан Алайдын тарапташтары: Биз -Кудайбыз, бизге дагы кылмыш ишин козгосун

Арстан Алайдын тарапташтары милицияга барып, аларга дагы кылмыш ишин козгоо суранычы менен кайрылышат. Бул тууралуу алар маалымат жыйынында билдиришти.

Акипресс сайтынан алынды
Фото Акипресс сайтынан алынды

«Арстан Алайга анын айткан сөздөрү үчүн кылмыш ишин козгошту. Анын «бийлик кыргыз элин дүйнөгө даңазалай албайт, баардык адамзатын сактап кала албайт деген», деген сөзү себепкер болду», -дейт дарыгер-кардиолог Рано Арапова. 

Анын айтымында, эски түшүнүк боюнча Кудай- бул материя эмес, ал энергия.

Дагы бир тарапташы Элвира Сатыбекова баардык кыргыздар -Кудай деди. «Биз -Кудайбыз, анда бизге дагы кылмыш ишин козгосун. Эгерде андай кыла албаса, анда буга чейин кылмыш ишин козгогондорго карата кылмыш иши козголсун. Биз өз сөзүбүзгө жооп берүүгө даярбыз. Теңирчиликти дин катары каттоого алынышын талап кылабыз», -деди ал.

«Биз өзүбүздү -Кудайбыз дегендер эртең Биринчи май РИИБга барып, бизге кылмыш ишин козгоону суранабыз. Эгерде бизди жоопко тартышпаса, 25-октябрда Башкы прокуратурага барып Арстан Алайга карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу арыз менен кайрылабыз», -деди Рано Арапова.

Эң көп окулган жаңылыктар