Бишкектин айрым аймактарында үч күн бою газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Береговая, Новая, Мыскал, Садовая, Алтын-Бешик жана Коммунаров көчөлөрүндө жаратылыш газы берилбейт.
21-23-октябрь күндөрү аталган даректерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.