19:06
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жактоочу: Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү- мыйзамсыз

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине эмне себептен Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү мыйзамсыз экенин айтып берди.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар уланмакчы. Алмазбек Атамбаев соттук отурумга катышуу ниети жоктугун билдирип, тергөө абагындагы камерадан чыкпайм дегенин жактоочу билдирген.

«Жазык мыйзамында айыпталуучуну сотко мажбурлап алып келүү деген норма жок», -деди Сергей Слесарев.

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар саат 14:00дө башталат. Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума