03:17
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Атамбаевдин иши. Жактоочунун мурунку президенттин сотко катышаарынан кабары жок

Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев, бүгүн УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан мурунку президент Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угууларга катышууга макул болобу же жокпу, билбейт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, ал Башкы прокуратурага Алмазбек Атамбаев сотко барбайт деген өтүнүчтү билдирген эмес. Анткени, ал мурунку президент менен макулдаша элек.

«Ал башка соттук отурумдарга катышабы, мен билбейм. Бирок, Алмазбек Атамбаев анын кармалышынан тарта ага карата болгон мамилени мыйзамсыз деп эсептейт», -деди Сергей Слесарев.

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар башталат. Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар