17:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 миллион 540 миң сомдук чөнтөк телефондор табылды

Ош шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1 миллион 540 миң сомдук чөнтөк телефондор табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «HONDA STEPWGN» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Анда Maxvi C20 үлгүсүндөгү 1 миң 450 даана телефон, Maxvi C3 — 120 даана, Inoi 108 R — 250 даана, Nobby 330T — 40 даана, Led Lighed Makeup Mirror — 30 даана телефон табылды.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар