01:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Салык кызматы: Чек арадан мыйзамсыз ташылып келген 9 тонна ун аныкталды

Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук өткөрмө пункттарына жакын жерден ун, буудай, түтүктөр, ири мүйүздүү малдарды жана башка товарларды алып келүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал, ар биринде 40 тонна көлөмүндөгү күйүүчү май ташуучу 2 бочкасы бар унаа кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Ушул эле жерде 14,8 тонна түтүктү ташып келүү фактысы аныкталган. Текшерүүдө коштомо кагаздагы маалыматтар эсеп-фактуранын маалыматтарына ылайык келбегендиги аныкталды.

Мындан тышкары 708 даана автотетиктер, 24 жасалма газондун түрмөгү, 155,7 миң чарчы метр кездеме, 1 тонна латекс жиптерди өткөрүү аракетине бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат документи болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар