06:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Балыкчыда батут оодарылып калып жабыркаган 3 жашар наристе чарчап калды

Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо Балыкчыда батут оодарылып калып жабыркаган 3 жашар наристе чарчап калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Эске салсак, Балыкчыда катуу шамалдын айынан батут оодарылып калган. Окуя 9-июнда болгон. Анда 8 бала жаракат алып, экөө ооруканага жаткырылган. Анын бирөөсү баш мээсинен катуу жаракат алып, комада жаткан.

«Кыз улуттук борбордо 1 жумага жакын жатты. дарыгерлер колунан келгенин баарын жасашты, тилекке каршы кечээ саат кечки 9дар чамасында кыз өзүнө келбей каза болду», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар