09:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жылдыз Араева: Кол эмгектеримди Италия, Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздары алышат

Жылдыз Араеванын жердиги Бишкектен. Орто мектепти аяктагандан кийин сулуулук тармагында билим алып, чач тарач кесибине ээ болгон. Кийин маникюр, кирпик чаптоо боюнча атайын ийримдерден окуган.

Турмуш шартка байланыштуу Жылдыз айымдын Түркияда жашаганына 6 жыл болду. Учурда өз кесибин аркалабай, кол өнөрчүлүккө ыктап кеткен. Айымдардын шуру, билерик, сөйкө, брошка жана башка кооздук буюмдарын жасап, дүйнөнүн ар бурчундагы кардарларына сатат.   

Жылдыз Араеванын жеке архивинен алынды
Фото Жылдыз Араеванын жеке архивинен алынды

Мекендешибиз 24.kg агенттигине чет жердеги жашоосу, кол өнөрчүлүгү боюнча кеңири маалымат берди.

— Сиздин колуңуздан чыккан сөйкөнү казак ырчысы тагынып жүрөт дешет, чынбы?

— Ооба, Айдана Меденованын тагынып жүргөн сөйкөлөрү менин колумдан 2 жыл мурун жасалган. Негизи кол эмгегимдин баарын интернет аркылуу жарыялап сатам. Көбүнчө кардарлар Түркиядан чыгат. Кыргызстанга да бир нече жолу жөнөттүм.

Италия, Москва, Нью-Йоркто жашаган кыргыз кыздарынан да буйрутма кылгандар бар.

 Атактууларга кээде буйрутманы жарнамага чегерип жасап берем, кээде жөн гана баасына сатып алышат. Кызыгы кээ бирөөлөр менин эмгегимден жасалган деп башкага сатып же ижарага бергенин көрдүм. Аларды өз абийирине койдум. 

Кол өнөрчүлүккө бала кезимден бери кызыкчумун. Сүрөт тартып, макраме техникасы менен ваза, түймө түйгөндү гана билсем, Стамбулда көп жаңы нерселерди үйрөндүм. Себеби, кош бойлуу кезде үйдө отуруп калдым, убакыт өткөзүп бир нерсе менен алек болоюн деп сайма, түймөдөн баштадым. Интернеттен жаңы моделдерди издеп жатып, полимерден жасалган гүлдөр, чекиттүү сүрөт жана дагы көптөгөн өнөрлөрдү өз алдымча үйрөнүп жасадым. Ошолордун ичинен сутаж техникасында жасалган зер буюмдарды тандап, мына 3 жылдан бери жасап келем. Жакында дагы resin art (эпоксиддик чайыр менен сүрөт тартуу) өнөрү бар экенин билип 2-3 жолу пано жасап көрдүм. Бирок ал үчүн эң сапаттуу материалдарды чет өлкөдөн гана алдырыш керек экен. Буюрса, ал өнөрдү да өздөштүрөм деген тилегим бар.

— Түркияга эмне максат менен кеттиңиз эле?

— Жолдошумдун улуту- түрк. Ал Кыргызстанда 2 жылдык келишим менен иштеп жатканда таанышканбыз. Стамбулга 2013-жылы келип, баш коштук. Буга чейинки турмушумдан бир уулум бар, учурда чогуу турабыз. Жолдошум ага өз атасындай кам көрөт, окутат, экөө өз ара эркекче сырдашат. Ортобузда бир кызыбыз бар, 4 жашта. Учурда үйдө балдарым менен алекмин. Бош убактымды кол өнөрчүлүк менен өткөрөм. Бирок, өз кесибимди таштабай улантып Стамбулда бир сулуулук салонун ачсам деген максатым бар. 

Жылдыз Араеванын жеке архивинен алынды
Фото Жылдыз Араеванын жеке архивинен алынды

— Башка улутка келин болгон кандай экен?

— Маданият жагынан алып карасак европалыктарга окшоштуктар көп, мисалы жөнөкөйлүктү жактырышат, үй-бүлөөгө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, бирөөнүн жашоосуна кийлигишпейт. Түркияда үйлөнүү жана башка тойлордо ашыкча ысырапчылык -бул мактануудай болуп калат.

Ошондуктан биринчи эки жашты үй, унаа менен камсыздап, үйдүн ичин баардык керектүү буюмдарга толтуруп беришет.

— Кооздук буюмдарын, мисалы сөйкөнү канча убакта жасап бүтөсүз?

— Бир сөйкөнү 1-2 күндө жасап бүтөм. Жардамчым деле жок, жалгыз эрмектейм. Сөйкөдөн башка сутаж техникасы боюнча колье, билерик, сумка, ободок жасайм. Кээде шкатулка, жазуусу менен тарелка, пано жасайм. Сутаж техникасы- бул сутаж жиптер менен, сваровски таштар, мончок, бисер, фурнитура жана башка нерселерди фантазияга карап кошуп жасалган зер буюмдар. Бул техниканын мекени -Италия.

Эң биринчи өзүмө сөйкө жасап аны интернет баракчама чыгарганым эсимде. Биринчи кардарым болуп Стамбулда жашагандардан бири чыкты. Ошентип отуруп кардарлардын катары көбөйүп баштаган.

— Түркиянын кайсыл шаарында жашайсыз?

— Үй-бүлөм менен Стамбул шаарында жашайбыз. Бул жакта кыргызстандык мекендештер майрамдарда чогулуп, бирге белгилешет. Мен балдарым, кол өнөрчүлүк менен көбүрөөк алек болгонум үчүн, андай жолугушууларга көп барбайм. Тааныш, курбу кыздарым менен катышып, жолугуп турам.

Түркияга жаңы келгенде таң калтырган көп окуялар, көрүнүштөр болду. Мисалы, кайда барба эркектер кызмат көрсөтөт. Базарда сатуучулар, мектеп мугалими, ашпозчусу, тазалагыч кызматкери, чач тарач, кийим оңдогуч, тигүүчү, кассир, официанттардын дээрлик көбү мырзалар. Негизи 17 жаштан 70 жашка чейин эркектер эмгектенишет.

Эли кыргыздардай меймандос, тууганчыл келишет. Ошондуктан бат эле көнүп кеткем.

— Улуттук тамактарды жасап турасызбы?

— Албетте кыргыз тамагы кайда болбосун жасалат. Биздин үй-бүлөө күлчөтай, лагманды жакшы көрөбүз. Жолдошум өзгөчө чүчпараны жактырып жейт. Орус, корей улуттук тамактарды да бат бат жасап турам.

— Үйдө кайсыл тилде баарлашасыздар?

— Үйдө уулум менен кыргыз, орус, түрк тилинде сүйлөшө беребиз. Кызым түркчө сүйлөгөнү менен орусча да түшүнөт. Буюрса бара бара кыргыз тилин да үйрөтөм. Ал эми англис тилинен уулумдун сабагына жолдошум көмөк көрсөтүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар