13:29
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Чек арадан 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездемени мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду

Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чалдовар автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден түрмөктөлгөн кездеме жана жасалма комплекстүү жиптерди мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1,6 миллион сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 миллион сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма комплекстүү жиптерден кездеме алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган.

Импорттоочуларда электрондук эсеп-фактуранын кагаз көчүрмөсү Казакстандын салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле СТ1 формасындагы товарлардын келип чыгуу сертификаты жок болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар