08:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Билим министрлиги сыйлык алган мугалимдин Исаков менен байланышын четке какты

«Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгын алган Бактыгүл Жапар кызы министр Каныбек Исаковдун тууганы эмес. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги жана илим министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, Бактыгүл Жапар кызы министрликтин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө аталган төш белгиге татыды. Аны Ош шаардык билим берүү башкармалыгы көрсөткөн.

«2018-жылдын 12-февралындагы № 157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктары жөнүндөгү жобосунун 7 пункттуна (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) ылайык, билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды: республикалык «Жыл мугалими» сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрүн, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана ардак грамота менен сыйлоого укуктуу», — дейт министрлик.

Бактыгүл Жапар кызы № 50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Ош шаарында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими 2019» конкурсунун жеңүүчүсү.

Эң көп окулган жаңылыктар