03:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

ПрезидентСооронбай Жээнбеков бүгүн Россиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

«Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты. Кыргызстан жана Россиянын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков кесиптешине бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар