19:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аткезчилик. 20 тонна сабизди алып өтүүгө болгон аракетке бөгөт коюлду

Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук өткөрмө пункттарына жакын жерден сабиз, курулуш материалдарын жана башка чарбалык товарларды ташып келүүдөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

«Чалдыбар» контролдук-өткөрмө пунктунан Россиядан 4 миң 554 даана эшик жана алкактарды, 400 даана чатыр материалдарын алып келе жаткан унаа кармалган. Аларда товар ташып келүүгө салыктык каттоо боюнча салык органынын мөөнөтү өткөн маалымкаты болгон.

«Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан импорттоочулар 17,4 тонна металл формаларын, 520 миң сомдон ашуун суммада эшик кулпуларын, 883 миң сом суммасында чарбалык товарларды салык органынын салыктык каттоо жөнүндө мөөнөтү өткөн маалымкаты менен алып өтүүгө аракет кылышкан.

Ошол эле посттон 108 миң сом өлчөмүндөгү 20 тонна сабизди алып өтүүгө болгон аракетке бөгөт коюлган. Текшерүүдө коштомо кагаздагы маалыматтар менен товарга эсеп-фактуранын маалыматтары дал келбегендиги аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар