Тогуз-Торо районунда 1-октябрда жааган жана дагы күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындай кадам адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынган.