14:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чек арадан 180 баш ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып келе жаткандар кармалды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган унаалар аныкталган. Импорттоочулардын жанында салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар