02:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Текебаев жана Чотоновдун соту. Курсан Асанов күбө катары суралды

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш ишин кайра кароо башталды. Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Сотко күбө катары ИИМдин башчысынын мурунку орун басары Курсан Асанов чакырылды. Ал 2010-жылдын 13-майындагы окуя тууралуу айтып берип, ӨКМнын ошол кездеги башчысы Дүйшөнкул Чотонов Ошто болгонун тастыктады. Анын билдирүүсүндө, ошол маалда Курсан Асанов өзү дагы Ошто болгон.

Ал 2010-жылдын 13-майында Дүйшөнкул Чотонов менен Исмаил Исаков учуп келген тик учакты тосуп алганын айтат. Ал Чотонов түштүктө болгонун, Алексей Модин жана Леонид Маевский менен жолугушууга барууга мүмкүн болбогондугун айтты.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар