19:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Текебаев жана Чотонов 2010-жылдын 13-майында кайда болушкан? Күбөнүн жообу

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш ишин кайра кароо башталды. Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Сотко убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков чакырылды. Ал 2010-жылдын 13-майындагы окуя тууралуу айтып берди. Эске салсак, бүл күнү башкы күбөлөр Леонид Маевский менен Алексей Модиндин берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, алар Бишкектеги «Супара» этнокомплексинде жолугушкан. Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов алардын «Альфа Телеком» ЖАКтын контролук пакети үчүн 1 миллион доллар талап кылышкан деген кептер бар.

Исмаил Исаковдун айтымында, 13-майда түштүктөгү абал боюнча убактылуу өкмөттүн ыкчам жыйыны өткөн. Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов жыйынга катышкан. Түшкө жакын Дүйшөнкул Чотонов түштүккө учуп кеткен.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар