00:33
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Кургатылган өрүк, мейиз, компот аралаштырмасы мыйзамсыз ташылып келген

Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган өрүк, мейиз, компот аралаштырмасы, тазаланган жаңгак жана өрүктүн данектери аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-сентябрында Ош шаарында кыргызстандык А.А.нын башкаруусундагы «DAF 105» үлгүсүндөгү унаасы текшерилген. Анда жалпы суммасы 2 миллион 892 миң 720 сомдук жүк табылган.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар