08:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жактоочу: Кой-Таш окуясы боюнча атайын кызматтын аскерлерин жоопко тартуу керек

Кой-Таш окуясы боюнча атайын кызматтын аскерлерин жоопко тартуу керек. Бул тууралуу 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда жактоочу Жаманкул Жунусов айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, «Альфа» атайын кызматы Алмазбек Атамбаевдин үйүн басып алгандан кийин кандай гана ок менен аткан күндө да жабырлануучулар бар.

«Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана айылдаштары аларды кандай курал менен атышканын билишпейт. Жаракат алгандар көп. Ошол кечте элди лекция окулуучу залга камап коюшкан. Юрист катары айтаар элем, атайын кызматтын аскерлеринин жана УКМКнын жетекчилигинин аракеттерин адам өмүрүнө кол салуу катары караса болот. Алардын эч кимиси жоопко тартылган жок. Жабырлануучулар арыз жаза алышпайт, анткени аларды кабыл алышпайт, жөн гана тергөө кызматына жиберип жатышат», -деди Жаманкул Жунусов.

Эске салсак, мурунку президент кармалгандан кийин, өкмөт башчы Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзгөн.

 
Эң көп окулган жаңылыктар