USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Кой-Таш окуясы. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү көчмө жыйын өткөрөт

10:17, 24 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айылында көчмө жыйын өткөрөт. Алар Арашан айылынын тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине атайын кызматтын генерал-майору Артур Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, иликтөө объективдүү болуш үчүн баардык тараптарды угуу керек.

«Биз калыс иштеп жатабыз. Мындан улам бизге окуянын баардык катышуучуларынын, карапайым калктын көрсөтмөлөрү маанилүү. Биз баарына, сынга, окуянын курчуп кетишине даярбыз. Бирок, көрсөтмөлөрдүн баарын угууга милдеттүүбүз», -деди Артур Медетбеков. Ал комиссиянын ишин 15-октябрга чейин узартышканын кошумчалады.

Эске салсак, мурунку президент кармалгандан кийин, өкмөт башчы Кой-Таш окуясын иликтөө үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика