16:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аба-ырайы. 24-сентябрда айрым аймактарда жаан жаашы ыктымал

24-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

25-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда жана 28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-сентябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар