02:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев УКМКдан бошотулду

УКМКнын Тогузунчу башкармалыгынын кызматкери, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев улуттук коопсуздук органдарынан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы «Кызматтык дал келбөөчүлүк» деген жүйөө менен бошотулду.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Фейсбуктагы баракчасына «Бүгүн Канат Сагынбаевдин УКМКнын кызматкери деген күбөлүгүн алып салышты. Аны иштен бошотуу тууралуу буйрук менен тааныштырышты. Буга себеп, ал Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган. Канат Сагынбаев Кой-Таш окуясында Тогузунчу кызматтын офицери катары өз милдетин аткарып мурунку президентти коргогон», -деп жазган.

Учурда Канат Сагынбаев үй камагында.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума