14:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Атамбаевди моралдык жактан колдогон. Абдил Сегизбаев Кой-Таш боюнча суралууда

УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын суроолоруна жооп берип жатат. «Азаттык» радиосу отурумдан түз алып уктурууда.

Белгилей кетсек, буга чейин комиссиянын отуруму ЖМКсыз жабык эшик артында өтөт деп кабарланган.

Абдил Сегизбаевге окуяга кандай баа бересиз деген суроо беришти. Ал өзүнүн окуяга баа берүүсү этикага жатпайт деди. «Кой-Ташка келгенимде бир тараптан ок атып, экинчи жактан таш ыргытып жатышкан. Анда кандайдыр бир баа берүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок», -деди ал.

Абдил Сегизбаев атайын кызматтын жоокерлери кандай курал менен атышканын билбейт. «Бир гана нерсени айта алам, бул менин жарандык позициям болчу. Юридикалык баа бере албайм, анткени тергөө жүрүүдө. Мен Атамбаевдин моралдык жактан колдогум келген. Анын аракетинин мыйзамдуулугу тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз», -деп кошумчалады Абдил Сегибаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума