16:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкектеги мушташ. Адам өмүрүнө кол салууга шектелип жаткандар абактан сабалды

Адам өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековду Бишкектеги № 1 тергөө абагынан сабап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булак билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жабырлануучулар № 47 түзөтүү колониясында жайгашкан ооруканада дарыланышууда.

ЖАМК маалыматты тастыктады. Жабырлануучулардын эч жери сынган эмес.

«Бүгүн эртең менен 2 жабырлануучу № 47 колонияга которулду. Алар камерада отургандар менен согушуп кетишкен. Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековду дарыгерлер карап чыгышты. Алар олуттуу жаракат алышкан эмес», -деп билдиришти ЖАМКтан.

Эң көп окулган жаңылыктар