00:01
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан телефондор аныкталды

Ош шаарында мыйзамсыз ташылып келе жаткан телефондор аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Кыргызстандык Т.Н. аттуу жарандын башкаруусундагы «Lexus GX460» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Анда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 120 даана «SAMSUNG Galaxi A20» жана 110 даана «SAMSUNG Galaxi A30» маркасындагы чөнтөк телефондор табылган.

Айдоочу товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 2 миллион 885 миң сомду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар