19:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Кумтөрдөгү» уулуу калдыктарды сактоочу жайда болжолу 100 тоннадай алтын бар

«Кумтөрдөгү» уулуу калдыктарды сактоочу жайда болжолу 100 тоннадай алтын бар. Бул маалымат Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Кумтөргө» кен казуу үчүн Сарычат-Ээрташ коругунан 4 миң 380 гектар жер берилип, 16 миң гектар жер компанияга өтүп кетти деген маалыматтын чын төгүнүн тактоо үчүн «Кумтөрдө» көчмө жыйын өтүп жатканда айтылды.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин директорунун орун басары Элдияр Шерипов коруктун аянты кеңейтилип, «Кумтөрдүн» аймагы менен тек гана чектешип калган деп ырастады. «Социалдык тармактарда коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан корукту берүү тууралуу эч кандай өкмөттүн токтому жок, биз токтом менен иш алып барабыз, бул тастыкталган, аны далилдеп беребиз. Болгону бир кат болгон экен. Ал кагаздын юридикалык күчү жок. Чынкожоевден сурасак, ал деле андай катка кол койгону эсинде жок экен», — деди ал.

Ал эми коомчулукта талаш-тартыш жаратып жаткан 16 миң гектар жер аянты боюнча депутаттар «Кумтөрдүн» өкүлдөрүнөн сурады. Компаниянын өкүлдөрү маалымдагандай, алгач кен казуу иши башталган 1994-жылы компанияга 10 миң гектар жер бөлүнгөн. Кийин 2009-жылы өкмөт менен келишип, чалгындоо үчүн дагы 16 миң гектар жер берилген. Учурда «Кумтөрдүн» балансында 26 миң гектар жери бар. «Ишкананын өкүлдөрүнүн айтканына караганда, азыр мурунку алган 10 миң гектар жердин аймагында жүргүзүүдө. Ал эми 16 миӊ гектар жерде келечекте кен казуу иши болбойт деп айтып жатышат», — деди эл өкүлү Нурбек Алимбеков

Компаниянын адистери билдиргендей, буга чейин жалпысынан 485 тонна алтын казып алышкан. Кумтөрдө дагы 107 тоннадай алтын бар. Калган алтынды 2025-жылга чейин казып алышмакчы. Бирок инвесторлор жаңы келишимге жетишүү менен «Кумтөрдүн» өмүрүн узартууну ниет кылууда. Алар геочалгындоо ишин жүргүзүп, кен казуу иштерин улантууну сунуштоодо. «Чалгындоо иштерине 24 миллион доллар керек экен. Азыр кыргыз өкмөтү менен Центерранын ортосунда бул акчаны ким берет деген маселе болуп жатыптыр», — депутат Сагынбек Келдибаев деген пикирин билдирди.

«Кумтөрдөгү» уулуу калдыктарды сактоочу жайда болжолу 100 тоннадай алтын бар.

Эң көп окулган жаңылыктар