05:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган жемиштер аныкталды

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген кургатылган жемиштер аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ошто «МАН 12232» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан, аны кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан.

Унааны текшерүү маалында 2 миң 640 килограмм изюм, 490 килограмм кургатылган өрүк, 3 миң 840 килограмм компот аралашмасы табылды. Жүк кошуна мамлекеттен бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келинген. Айдоочу тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Товардын баасы 909 миң 400 сомду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар