17:20
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

ӨКМ: Чүйлүк малчылар 1 миң 200 баш кою менен аман-эсен көчүрүлдү

Кечээ, Каракол ашуусунун жайлоосунан Ысык-Ата районунун малчылары көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМдин куткаруучулары 16-сентябрь күнү Кочкор району тараптан Кегети ашуусуна чейин барышып, Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында түнөп калышкан. Кечээ аларга Ысык-Ата районун Чоң-Далы айылынын Жаныбек аттуу тургуну 700 баш кой, 40 жылкы, 20 уюн, Акылбек аттуу тургун 500 баш коюн жана Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн Абай аттуу тургуну 25 баш жылкысын айдап келе жатканда Каракол ашуусунан жолукту.

«Ден соолуктары жакшы, мал-жандыктары өлгөн эмес. Алар 18-сентябрда Кегети ашуусу менен Чүй тарапка өтүшөт. Кегети ашуусунун жолдору ачык. Каракол жайлоосунда дагы 4 короо кой калган. Алар 20-сентябрда түшөт», -деп билдиришти ӨКМден.

Эң көп окулган жаңылыктар