12:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек арада жабыркагандарды Травматология жана ортопедия борборуна алып келишти

Кыргыз-тажик чек арасында болгон атышуудан жабыркагандарды Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна алып келишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Дарыгерлер изилдөө жүргүзүп жатат. Жабыркагандардын абалы туруктуу», -деп кабарлашты министрликтен.

Буга чейин Чек ара кызматы Бишкекке аскердик-транспорттук учак менен 10 жарадар жеткирилет деп билдирген. Кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, 13 жаран жаракат алган. Алардын үчөөнүн абалы өтө оор.

Эң көп окулган жаңылыктар