09:28
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Центерра Голд» компаниясынын Монголиядагы бизнес боюнча расмий комментарийи

Ушул жылдын 13-сентябрында Кыргызстандын бир катар ЖМКлары монголиялык маалымат агенттиктерине шилтеме кылып, ««Центерра Голд» компаниясы Монголия өкмөтүн геологиялык чалгындоо жана эксплуатациялоо лицензияларын жокко чыгаргандыгы үчүн сотко берген жатат» деген маалымат таратышкан. Бул кабар чындыкка жатпайт жана расмий түшүндүрүүнү талап кылат.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи — Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени, жана ошондой эле Түркияда «Оксут Голд» кенинде курулуш иштерин жүргүзүүдɵ. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

Буга чейин «Центерра Голд Инк» Монголияда эки туунду компанияга катталган бизнеске ээ болгон. Ал компаниялар «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» деп аталган.

2018-жылдын октябрында «Centerra Gold Inc.» монголиялык бизнесин толугу менен Сингапурда негизделген «OZD GROUP PTE Ltd.» менчик компаниясына саткан. Келишим боюнча бул эки компания — «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC», толугу менен «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясына сатылган.

Келишим бүтүмдүн аткарылышы боюнча толук пресс—релиз менен шилтеме боюнча таанышууга болот.

https://s3.amazonaws.com/centerragold/news/October2018/A6rvd5bxeVejnZsmpFAD.pdf

Ошентип, 2018-жылдын октябрь айынан бери «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» компаниялары «Центерра Голд Инк.» менен эч кандай байланышы жок болгон, жана азыркы учурда алар толугу менен «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясынын менчиги болуп эсептелет жана бул тууралуу «OZD GROUP PTE Ltd.» расмий сайтында көрсөтүлгөн (https://ozdgroup.com.au/our-portfolio#block-56422)

Тилекке каршы, учурда OZD GROUP PTE Ltd. ɵзүнүн милдеттенмесин аткарбай коомдук кайрылууларында "Центерра«нын атын алышкан эмес, жана бул түшүнбөстүктɵргө себеп болду. Буга байланыштуу «Центерра Голд» маселени чечүү үчүн OZD GROUP PTE Ltd. компаниясына кайрылды.

Кошумча маалымат үчүн бул жакка байланышууну суранабыз:

John W. Pearson

Vice President, Investor Relations

Centerra Gold Inc.

1 University Avenue, Suite 1500, Toronto, ON M5J 2P1

+1 416-204-1241 | M +1 416-616-7180 | F +1 416-204-1954

Email: john.pearson@centerragold.com | centerragold.com

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума