07:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек ара жаңжалы. Өкмөткө коюлган талаптардын тизмеси

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча митингге чыккандар өкмөткө коюлган талаптар менен таанышып чыгуу үчүн 2 саат убакыт беришти.

Нааразы болгондор төмөндөгүдөй талаптарды коюшууда:

-Курамына Баткен облусунун мурунку губернатору Мамат Айбалаев, аймактын аксакалдары, ЖМК өкүлдөрү, активисттер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары кирген мамлекеттик комиссия түзүү;

-«Кант» авиабазасын Баткен облусуна көчүрүү;

-ЖМК аркылуу так жана объективдүү маалымат берүү;

-Кыргызстандан Тажикстанга жана кайра Баткен облусу аркылуу өткөн аткезчиликке бөгөт коюу;

-Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишинин ачыктыгын жана тазалыгын камсыздоо;

-Баткен облусуна өзгөчө статус берүү, жаңы губернаторду дайындоо, анын укуктарын кеңейтүү;

-Баткен облусунун жашоочуларына чек арага жакын жайгашкан жер аянттарын бөлүп берүү;

-Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат маселесин, суу менен камсыздоо маселесин, электр менен жабдуу маселесин чечүү;

-Такталбаган чек ара аймагында объекттердин курулушун токтотуу.

Эгерде 2 саат ичинде өкмөт жообун бербесе, нааразы болгондор Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бара тургандыктарын айтышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар