12:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чек ара жаңжалы. Бишкекте нааразычылык акциясына чыккандарды милиция кармады

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 20га жакын киши чогулду. Алар кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча нааразычылыгын билдирүү үчүн келишкен. 

Бул убакта милиция чогулгандарга акцияны уруксаты жок өткөрүү мыйзамсыз экенин түшүндүрүүгө аракет кылышты. Иш-чаранын уюштуруучулары мэрияга алдын ала маалымат бериши керек эле.

Нааразы болгондор менен укук коргоо органдарынын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, милиция бир канча кишини кармап кетти. 

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Эң көп окулган жаңылыктар