01:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. Жабыркагандар зарылдыгына жараша Бишкекке алынып келинет

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада түзүлгөн абал боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын баса белгиледи. Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти.

Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле жаракат алган жарандар зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алып келине турганы белгиленди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар