07:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Окуу китептеринин жетишсиздиги. Булан институтун атайын баяндамасы чыкты

Мамлекет мектеп окуу китептерин жаңылоо үчүн жылына 100-120 миллион сом каражат бөлөт. Бул тууралуу Булан институтунун Женева шаарындагы баш кеңсеси бүгүн жарыялаган «Кыргыз Республикасында мектептерди окуу китептер менен камсыз кылуу маселелери» деген аталыштагы жаңы баяндамасында айтылат.

Баяндамада Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруунун тарыхы жана калыптанышы, окуу китептерин чыгаруу боюнча мыйзамдык база, анын тартибин аныктаган нормалар жана аны чыгарууга катышкан тараптардын функциялары жана жоопкерчиликтери анализденген.

«Окуу китептерин чыгарууга катышкан беш тарап бар: Билим берүү жана илим министрлиги, министрликтин алдындагы Координациялык кеңеш, Билим берүү академиясы, басмаканалар жана басма үйү менен авторлор. Бул баяндаманы жазыш үчүн ушул тараптардын ар бири менен бир нече жолудан жолуктук, тегерек столдорду да өткөрдүк. Андан сырткары мугалимдер, окумуштуулар, авторлор жана ата-энелердин да пикирлерин чогулттук», — дейт Булан институтунун Бишкектеги долбоор жетекчиси Чынара Токонова.

Эң көп окулган жаңылыктар