14:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат

Бүгүн «Папан» суу сактагычы тарабынан плотинанын гидротехникалык жабдууларына атайын техникалык кароо жумуштарын өткөрүүнү пландаганына байланыштуу саат 15:00дөн 20:00гө чейин Ак-Буура 26-сентябрь, саат 18:00дөн баштап 27-сентябрь саат 07:00гө чейин Ош шаарынын «Юго-Восток», ХБК, «Достук» жана «Калинин» массивтеринен башка аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, таза суу камдап алууңуздарды эскертилет. Суу токтотулган убакытта атайын водовоздор менен суу жеткизүү боюнча арыздар төмөнкү телефондор аркылуу кабыл алынат: 105, 8-11-15, 5-04-16, 0559 057307, 0556153526.

Эң көп окулган жаңылыктар