11:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абад шаарында топ балдар тарабынан сабалган жаран каза болду

Жалал-Абад шаарында топ балдар тарабынан сабалган 26 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу бүгүн саат 10:00 чамасында каза болгон.

Милиция «Бейбаштык» жана «Ден соолукка залал келтирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуяга шектелип 4 жаран кармалган, алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, Жалал-Абадда жаш балдардан турган топ 26 жаштагы жигитти сабап салышканын 24.kg агенттигине жабырлануучунун тууганы Ирсалат Кулмашева билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар