04:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абаддагы мушташ. Дагы 2 шектүү кармалды

Жалал-Абадда кафелердин биринин жанында болгон мушташ боюнча 2 шектүү кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Милиция «Бейбаштык» жана «Ден соолукка залал келтирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Учурда жабырлануучу Жалал-Абад облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуяга шектелип 4 жаран кармалды. Алар Сузак районунун тургундары. Соттун чечими менен алар 2 айга камакка алынды», -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, Жалал-Абадда жаш балдардан турган топ 26 жаштагы жигитти сабап салышканын 24.kg агенттигине жабырлануучунун тууганы Ирсалат Кулмашева билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар