17:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өмүрбек Текебаев күнөөнү мойнуна албай турганын айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш ишин кайра кароо башталды. Сот судья Айнура Сатарованын төрагалыгы астында өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев күнөөнү мойнуна албай турганын айтты.

«Айыптоочу корутундуда мени Маевскийге, мамлекетке же Кыргызстандын жарандарына чыгым келтирди деп айтылган жок. Ал жакта чыгым жок дегенде 1 тыйынды түздү деп да көрсөтүлгөн эмес. Эгер чыгым болбосо, анда кайсыл кылмыш тууралуу кеп болот? Эмнеге мен күнөөнү мойнума алышым керек? Экинчиден, прокурорлор жемкорлук тууралуу айтып жатышат. Мен аны уктум, бирок түшүнбөдүм. Алар бир канча жолу мени абалдан пайдаланды деп айтып жатышат. Менин укугума Баш мыйзамды жазуу гана кирген, бирок бул тууралуу эч нерсе айтылган жок. Мында мен ким болуп калдым, уюштуруучу, аткаруучу же байкоочумунбу? Ролду так аныкташ керек», -деди ал.

ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотонов дагы күнөөнү моюндабай турганын билдирди. Айтымында, 2010-жылы Ошто өз бөлмөсүнөн чыкпай отурган.

Бүгүнкү процесске күбөлөр толук келбегендиктен, отурум 1-октябрга жылдырылды.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар