10:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өзбекстанда ММА боюнча Азия чемпиону киши колдуу болуп каза тапты

Өзбекстандын Ташкент шаарында ММА боюнча Азия чемпиону киши колдуу болуп каза тапты. Окуя 10-сентябрдан 11ине караган түнү болгон. Бул тууралуу Газета.уз жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, жергиликтүү кафелердин биринен эркектерден турган 2 топ арасында пикир келишпестик орун алган. Алар сыртка чыгып мушташканга чейин барышкан. Жаңжал учурунда Муслим Омонов каза тапты.

Эрежесиз эр мушташ боюнча Азия чемпиону Муслим Омонов 23 жашта болчу. Ал спорттук карьерасында Өзбекстандын 7 жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча бир жолку дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле ММА боюнча Азия биринчилигинин ээс аталган.

Эң көп окулган жаңылыктар