04:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кримтөбөл Камчы Көлбаев алдамчылык боюнча милицияга сурак берди

Кримтөбөл Камчы Көлбаев алдамчылык боюнча милицияга сурак берди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун лидерин Жайыл РИИБга күбө катары суракка чакырышкан.

«Жайыл РИИБ «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Сотко чейинки өндүрүш боюнча жагдайды аныкташ үчүн 11-сентябрда күбө катары 45 жаштагы Асанбек Камчи чакырылган. Тергөө иштеринен кийин аны кое беришкен. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда», -деп билдиришти ОИИББдан.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Камчы Көлбаев паспорттогу атын өзгөртүп, Асанбек Камчы болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар