03:00
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач материалдары, суу түтүктөрү табылды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктарына жакын жерден мыйзамсыз ташылып келе жаткан жыгач материалдары, суу түтүктөрү жана генератор үчүн система аныкталды.

«Чоң-Капка автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 47,2 миллион сом суммасында 2 даана генератор үчүн системаны (СТС-РЭМ) алып келе жаткан 2 унаа кармалды. Импорттоочуларда коштомо кагаз жана товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Ошол эле өткөрмө пунктунан 120 кубметр жыгач материалдарын ташып кирүү фактысы аныкталып, текшерүү учурунда иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр менен эсеп-фактурадагы маалыматтардын дал келбегендиги белгилүү болду.

«Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан салык органынын каттоо жөнүндө мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 80 миң суу түтүктөрүн алып келе жаткан унаалар кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар