05:22
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Республика-Ата Журт» фракциясы лидери Жыргалбек Турускуловду алмаштырбайт

«Республика-Ата Журт» фракциясы лидери Жыргалбек Турускуловду алмаштырбайт. Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев, 24.kg агенттигине айрым ЖМКда жарыяланган аталган партиянын лидерин алмаштыруу боюнча маалыматка түшүндүрмө берип жатып айтты.

Анын билдирүүсүндө, мындай суроо күн тартибинде каралган эмес. Лидери болуп Турускулов калат. «Бирок, бизде ротация колдонулат. Ар бир депутат лидердин ордуна талапкерлигин кое алат. Бирок, жаңы башчыны тандоо тууралуу сөз болгон жок», -деди ал.

Эске салсак, партиянын төрагасы Өмүрбек Бабанов Бишкекке 9-августта учуп келген. Ага эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтотулса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар