14:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Республика» партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев дайындалды

«Республика» партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев дайындалды. Мындай чечим бүгүнкү кезексиз съездде кабыл алынды. 

Мурунку лидер Өмүрбек Бабанов өз эрки менен кызматын өткөрүп берди. Эске салсак, ал бир канча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө.

Күндүн темасында 2 маселе — саясий уюмдун курамын өзгөртүү жана жаңы лидерди тандоо каралды. Лидердик орунга депутаттар Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев жана Кенжебек Бокоев талапкер болушту.

2020-жылы болот турган парламенттик шайлоого партия «Ата-Журтсуз» катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар