06:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жеңил унаа менен автобус кагышкан кырсыкта каза болгондордун өздүгү такталды

Кечээ Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жеңил унаа менен автобус кагышкан жол кырсыгында каза болгон адамдардын өздүгү такталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктан жеңил унаанын ичиндеги 17 жаштагы Б.Б., К.А., Ж.Э., А.Б., аттуу жарандар каза болгон.

Ал эми автобустагы 30 жаштагы 1 эркек адам, 3 аял киши (59 жаштагы Б.Г., 20 жаштагы А.кызы Н., 21 жаштагы Т.Б.) жана 3 жаш кыз (15 жаштагы эки кыз Ж.Н., Э.А., жана 9 жаштагы М.Н.) жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар