15:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ак-Сууда жөө адамды унаасы менен өлтүрө сүзгөн айдоочу 8 күндөн кийин кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда жөө адамды унаасы менен өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу 8 күндөн кийин кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Кырсык 31-августта Каракол—Эңилчек унаа жолунда болгон. Теплоключенка айылынын 1990-жылы туулган тургуну жолдон өтүп бара жатканда унаа коюп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Жабырлануучу Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Аталган окуяга шектүү делип Ак-Суу районунун 1989-жылы туулган тургуну кармалды. Ал күнөөнү мойнуна алып, жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» унаасы менен жөө адамды койдуруп кеткенин айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар