10:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түштүк магистралдагы жаңы эс алуу жайына бир жума ичинде 170 көчөт отургузушту

Түштүк магистралдагы жаңы эс алуу жайына бишкектиктер бир жума ичинде 170 көчөт отургузушту. Бул тууралуу Бишкек жашылдандыруу чарбасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жашоо үчүн эс алуу багы акциясына 30га жакын үй-бүлө, 10 фирма жана 2 компания, 5тен ашуун жамаат катышкан.

«Жаш үй-бүлөлөрдөн тарта чоң ата, чоң апаларга чейин акцияга катышып жатышат. Ар кимиси көчөттүн түрүн тандап отургузушат», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, акция 20-сентябрга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума