23:27
USD 84.79
EUR 98.70
RUB 1.20

Калктуу пункттарды, шаарларды, айылдарды жашылдандырууга 687,2 миң көчөт бөлүндү

Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргызстандагы калктуу пункттарды, шаарларды, айылдарды жашылдандырууга 687,2 миң көчөт бөлдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ийне жалбырактуу жана жазы жалбырактуу бак-дарактардын, Тянь-Шань карагайы, көк карагай, арча, кайың, кара жыгач, өрүк, ит мурун, жаңгак, жапайы алма, жапайы алчанын көчөттөрү берилген.

Ал эми аталган агенттик мамлекеттик токой фондунун 1 миң 886 гектарына көчөт отургузушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар